Пекинде Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусунун артыкчылыктары боюнча брифинг өттү

Пекин шаарындагы Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгында Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева 2025-2026-жылдардагы Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын артыкчылыктары боюнча брифинг өткөрдү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Иш-чарага ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев, уюмга мүчө мамлекеттердин, байкоочу жана өнөктөш мамлекеттердин 25тен ашык элчилери жана жогорку даражалуу дипломаттары, Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин жана ЖМКларынын өкүлдөрү жана башка коноктор катышты.

Брифингдин башында башкы катчы Ермекбаев сөз сүйлөп, ШКУнун катчылыгы кыргыз тарапка төрагалык мезгилинде бардык зарыл колдоону көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Өзүнүн сөзүндө элчи Мусаева Кыргызстан төрагалыгынын артыкчылыктары, анын ичинде быйыл жана кийинки жылы Кыргызстанда ШКУ алкагында өткөрүлө турган жолугушуулар жана иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

Элчи президент Садыр Жапаров ШКУнун саммитинде сөз сүйлөп жатып, Кыргызстандын төрагалыгынын урааны “ШКУнун 25 жылдыгы: туруктуу тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп-өсүүгө бирге” дегенин белгиледи.

Ошондой эле ал ШКУнун алкагындагы коопсуздук, экономикалык өнүгүү, санариптештирүү, экология жана туруктуу өнүгүү жаатындагы кызматташтык, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү боюнча пландар жөнүндө кенен маалымат берди.

Мусаева 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин илгерилетүү маселесине өзгөчө көңүл бурду. Элчи Кыргызстан үчүн бул жөн гана дипломатиялык максат эмес, эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөөгө, диалогду жана адилеттүүлүктү өнүктүрүүгө болгон даярдыктын көрүнүшү экенин белгиледи.

Элчи ошондой эле 2026-жылы Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү жөнүндө маалымат берди.

Мусаева климаттын өзгөрүшү темасына кайрылып, 2022-жылы Кыргызстан БУУ Башкы ассамблеясында “Тоолордун туруктуу өнүгүүсү үчүн аракеттердин беш жылдыгы” резолюциясын демилгелегенин билдирди. Анын жыйынтык этабы катары 2027-жылы “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммити өтмөкчү. Бул маанилүү иш-чарага Кыргызстандын өнөктөштөрүн активдүү катышууга чакырды.

Ошондой эле 23-октябрь жыл сайын “Ак илбирс эл аралык күнү” катары белгиленери эскерилди.

Связанный пост