Патент менен иштегендер үчүн салыктык каттоо жөнөкөйлөштүрүлдү

 Патент менен иштегендер үчүн салыктык каттоо жөнөкөйлөштүрүлдү

Мамлекеттик салык кызматы патенттин негизинде иштеген салык төлөөчүлөр үчүн салыктык каттоо жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлгөнүн билдирет.

Ведомстводон маалымдашкандай, 2025-жылдын 29-октябрында КР мыйзамы менен Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Салык кызматынын электрондук системасы аркылуу патент алган жеке жак патент берилген учурдан тартып автоматтык түрдө салык органында катталат. Эми электрондук патент алууда салык органына барып, каттоодон өтүүнүн зарылдыгы жок.

Ошондой эле патенттин негизинде иштеген жеке ишкерди же жеке жакты салыктык каттоо тиешелүү аймакта патент алууда — каттоого арыз бербестен автоматтык түрдө жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, салык мыйзамдарына салык төлөөчү тарабынан патенттин негизинде ишке ашырылуучу иш-аракет, утурлама текшерүүдөн тышкары, патент колдонулган мезгил үчүн көчмө салыктык текшерүүгө жатпаган ченем киргизилген. Мында салыктык көзөмөлдүн башка формалары Салык кодексине ылайык ишке ашырылат.

Связанный пост