Пара талап кылган Ош аскер комиссариатынын кызматкери кармалды

Ош аскер комиссариатынын кызматкери опузалап пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-августта пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК Ош гарнизонунун Аскердик прокуратурасы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иштердин натыйжасында Ош аскер комиссариатынын кызматкери Ш.А.П. айфон уюлдук телефонун пара катары алып жаткан жеринен кармалды.
Кармалган Аскер комиссариатынын кызматкери альтернативдик аскер кызматын өтөө боюнча оңдуу чечим чыгарууга көмөк көрсөтүүсү үчүн уюлдук телефонду пара катары талап кылган.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Аскер комиссариатынын кызматкери Ш.А.П.га карата “Кызматтык абалын пайдалануу менен алдамчылык жасоо” беренесинин негизинде айып тагылып, андан соң ал Ош гарнизонунун гауптвахтасына киргизилди.