Пара талап кылган Аксы райондук милиция кызматкерлери кармалды

Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызматка Аксы районунун тургунунан Аксы РИИБинин кызматкерлери пара талап кылгандыгы боюнча арыз түшкөн.
Тактап айтканда, Аксы РИИБинин Жаңы-Жол аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы милициянын капитаны Ы.Р.Б., участкалык улук инспектор- милициянын улук лейтенанты Т.А. жана участкалык инспектор-милициянын улук лейтенанты А.Б.Ы. арыз ээсинин турак жайына мыйзамсыз кирип, аларда каттоосу жок аңчылык мылтыгын тартып алышкан. Андан соң жогоруда аталган милиция кызматкерлери ок атуучу куралды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутуп, үйдүн ээсинен 30 миң сом пара алышкан.
Бирок, акча талап кылуу токтогон эмес, андыктан куралдын ээси УКМКга кайрылган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы жана эки райондук милиция кызматкери арыз ээсинен кезектеги 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Ошол эле учурда аймактык милиция бөлүмүнүн жетекчисинин жашаган жерин тинтүү учурунда мурда алынган ок атуучу куралдар табылган.
Учурда Аксы РИИБдин кызматкерлери УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.