Палестинанын Президенти Махмуд Аббас Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

 Палестинанын Президенти Махмуд Аббас Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Палестина Мамлекетинин Президенти Махмуд Аббас Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Палестина Мамлекетинин, элинин жана жеке өзүмдүн атымдан улуу урматтуу Сизди, боордош элди жана Кыргызстандын Өкмөтүн Орозо айт майрамы менен куттуктоо мага чоң кубаныч алып келет.

Жараткан Алладан Сизге бекем ден соолук жана бакыт-таалай, элиңизге бакубатчылык жана өнүгүү, ал эми жалпы биздин улутубузга стабилдүүлүк менен бакубатчылыкка жетишин тилейбиз», – деп айтылат куттуктоодо.

Связанный пост