Палау Президенти Сурангел С. Уиппс Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 Палау Президенти Сурангел С. Уиппс Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Палау Республикасынын Президенти Сурангел С.Уиппс (кенже) Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Бул маанилүү күн Мамлекеттик көз карандысыздык жөнүндө декларациянын кабыл алынышын түбөлүккө калтырат, бул сиздин өлкөнүн чечкиндүүлүгүнүн жана Борбор Азияда эгемендүү жана демократиялык мамлекетти куруу жолунун далили. Биз Кыргыз Республикасынын өз көз карандысыздыгына болгон берилгендигин, тынчтык жана гүлдөгөн келечекке умтулуусун жогору баалайбыз.

Палау Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2021-жылдын 7-октябрында түзүлгөн, бул эл аралык кызматташтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө жолундагы маанилүү кадам болуп калды. Географиялык алыстыкка карабастан, биздин мамлекеттерди туруктуу өнүгүүгө, көп тараптуу структуралардын алкагында, айрыкча Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу астында эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого болгон жалпы умтулуулар бириктирип турат. Биз Кыргыз Республикасынын бул багыттар боюнча аракеттерин тааныйбыз жана биздин өз ара аракеттенүүнү мындан ары да кеңейтүү ниетиндебиз.

Сизге жана Кыргыз Республикасынын элине улуттук сыймыкка жана мындан аркы жетишкендиктерге толгон Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгын кубаныч жана шыктануу менен майрамдоону каалайбыз.

Сизге эң жогорку урматтоомду жана Кыргыз Республикасына бакубатчылык менен гүлдөп өнүгүүнү каалаган чын жүрөктөн чыккан тиелектеримди кабыл алыңыз», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост