Пакистандык инвесторлордун Кыргызстанга болгон кызыгуусу артууда

 Пакистандык инвесторлордун Кыргызстанга болгон кызыгуусу артууда

Пакистандык инвесторлордун Кыргызстанга болгон кызыгуусу артууда. Бул тууралуу КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Анын маалыматына ылайык, акыркы беш жылда Пакистадан келген түз инвестициянын оң динамикасы белгиленген.

5 жыл аралыгындагы инвестициялардын көлөмү төмөнкүдөй болгон:

  • 2020-жылы — 2 млн доллар;
  • 2021-жылы — 1,2 млн доллар;
  • 2022-жылы — 4,4 млн доллар;
  • 2023-жылы — 6,9 млн доллар;
  • 2024-жылы — 4,6 млн доллар.

WhatsApp Image 2025-08-06 at 11.49.27.jpeg

Инвестициялардын 2023-жылдагы эң чоң көлөмү пакистандык бизнестин Кыргызстандын рыногуна болгон кызыгуусунун өсүп жаткандыгын көрсөтөт.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Фархат Иминов белгилегендей, Кыргызстан менен Пакистан кызматташтыктын туруктуу оң динамикасын көрсөтүүдө.

“Жыл сайын айыл чарба, энергетика, соода жана санариптик экономика сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлордун спектри кеңейүүдө. Биз өнөктөштүктү андан ары тереңдетүү үчүн жогорку потенциалды көрүп турабыз”, — деди ал.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана Пакистан менен экономикалык байланыштарды чыңдоо боюнча ишин улантууда.

Связанный пост