Министрлер кабинети

Эгемендүүлүк күнүнө даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө республиканын бардык аймагында, өзгөчө Жалал-Абад облусунда майрамдык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча маселелер кенен каралды. Адылбек Касымалиев бардык пландаштырылган иш-чаралардын, анын ичинде жаңы ишканалардын жана […]Читать далее

Аймак

Сузакта кум-шагыл жана бетон өндүрүүчү завод ачылды

Бүгүн Сузак районунун Орто-Сай айылында заманбап “Цзиянъ” ЖЧКсынын кум-шагыл жана бетон өндүрүүчү заводу ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев катышты. Ишкананын кубаттуулугу күнүнө 1500 куб метр кум-шагыл аралашмасын жана 1500 куб метр бетон өндүрүүгө жетет. Өндүрүш объектиси курулуш тармагын керектүү материалдар менен камсыздап, 30дан ашуун […]Читать далее

Президент

Бообек Ажикеевге “генерал-лейтенант” жогорку аскердик наамы ыйгарылды

Президент Садыр Жапаров жарлыкка кол койду, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Ажикеев Бообек Эргешевичке “генерал-лейтенант” жогорку аскердик наамы ыйгарылды.Читать далее

Коом

Өлкөдө техникалык жөнгө салуу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча комитет

Кыргызстанда Техникалык жөнгө салуу, көзөмөл жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо комитетин түзүү пландалууда. Бул маселе бүгүн “Ынтымак Ордодо” өткөн дебюрократиядан арылуу боюнча комиссиянын отурумунда талкууланды. Юстиция министри Аяз Баетов билдиргендей, жаңы комитет бир катар мамлекеттик органдардын кайталанган функцияларын аткарып, бюрократиялык процедураларды кыскартууга жана мамлекеттик көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бул демилгени […]Читать далее

Укук тартиби

Жалал-Абадда жашы жете элек кызды уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши

Жалал-Абадда жашы жете элек кызды уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, 15-августта Жалал-Абад шаардык милициясына А.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ушул эле күнү болжол менен саат 11:00 чамасында 2015-жылы туулган А.Э. аттуу кызы өзү жашап жаткан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген. Аталган маалымат боюнча […]Читать далее

Коом

Бишкекте мектептердин жанында жол белгилери жана чийиндери жаңыланууда

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы борбор калаадагы билим берүү мекемелеринин жанындагы жол белгилерин жана чийиндерин жаңылоо иштерин улантууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, иштер жаңы окуу жылынын алдында балдардын жолдогу коопсуздугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө. Ленин жана Биринчи май райондорунда иштер аяктады. Октябрь жана Свердлов райондорунда иштер уланууда. Азыркы учурда №63, №157, жана №39 мектептердин жанындагы жол чийиндери жаңыланып жатат. Шаар […]Читать далее

Укук тартиби

Түптө “Дыйкан” ишканасын рейдерлик жол менен ээлеп алган жаран кармалды

Түптө “Дыйкан” ААКты рейдерлик жол менен ээлеп алуу фактысы боюнча Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Түп айылындагы “Дыйкан” ААКтын (эски аталышы “Кыргызсельхозхимия” Түп райондук өндүрүштүк бирикмеси) 3,30 га аянттуу жер тилкесин жана мүлктүк комплексин рейдерлик жол менен ээлеп алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында З.Б.В. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды. […]Читать далее

Коом

Облустарда ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү

Ош, Жалал-Абад, Нарын, Баткен, Ысык-Көл жана Талас облустарында ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, көзөмөл иштери Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы тарабынан өткөрүлдү. Текшерүүлөр азык-түлүк жана мал базарларын, ошондой эле эт азыктары сатылуучу жайларды камтып, соодагерлерге белгиленген эрежелер түшүндүрүлдү. Мындан тышкары, […]Читать далее

Аймак

Баткенде мектептердин даярдыгы текшерилүүдө

Баткен облусунун аймагындагы билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгы текшерилүүдө. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облус башчысынын орун басары Жаныбек Исаков баштаган жетекчилер, мектептердин оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү, окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, коопсуздукту камсыз кылуу максатында текшерүүдө жүрүшөт. Текшерүүнүн жүрүшүндө билим берүү жайларындагы оңдоп түзөө иштери, мектептин айлана чөйрөсүн иретке келтирүү, эмеректер, окуу китептер […]Читать далее

Аймак

Нарындагы темир-бетон цехи жылдык планды мөөнөтүнөн мурда аткарды

Нарындагы темир-бетон цехи жылдык планды мөөнөтүнөн мурда аткарды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, темир-бетон буюмдарын жасоочу цех 2025-жылга белгиленген өндүрүш планын мөөнөтүнөн кыйла эрте, болгону алты ай ичинде толук ишке ашырды. Жылдык план боюнча 1500 даана зым тирек чыгаруу каралса, коюлган план жарым жыл ичинде толугу менен аткарылды жана жыл аягына чейин дагы […]Читать далее