Оштогу селде жабыркаган 9 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн

 Оштогу селде жабыркаган 9 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн

Саламаттык сактоо министрлиги Оштогул селден жабыркагандарга седициналык жардам көрсөтүү боюнча маалымат беришти.

Ведомстводон “Кабар” агенттигине маалымдашкандай, 14-июлда Ош шаардык клиникалык ооруканасына ар кандай жаракаттары менен 9 адам кайрылган.

Бардык жабырлануучулар биринчи медициналык жардам көрсөтүүдөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Жабыркагандардын биринде көк ала тактар, айрымдарында сыныктар жана дагы үчөөнүн стресске катуу реакциясы аныкталган.

Саламаттыкты сактоо мекемелеринде кан жана анын компоненттери, ошондой эле керектүү жардам көрсөтүү үчүн дары-дармектер жетиштүү экендиги белгиленет.

Белгилей кетсек, күн мурун Ош шаары жана Кара-Суу аймагында катуу жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, эс алуу жайларын каптаган. Анын кесепетинен Төлөйкөн айылындагы “Мөл-Булак” эс алуу борборунда бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү – 4 адамды жана дагы бир аялды сел агызып кеткен. Алардын биринин сөөгү табылды. Мындан тышкары, соода күркөлөрүн, унааларды агызган. Учурда издөө-куткаруу, селдин кесепеттерин тазалоо иштери күчөтүлгөн режимже уланууда.

Связанный пост