Оштогу Кең-Сай көмөк чордону айдын аягында ишке берилет
Ош шаарынын Кең-Сай массивинде жайгашкан Кең-Сай көмөк чордону жакын арада пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө аталган көмөк чордонду куруу иштери 95 пайызга аяктады.
Ош электр тармактары ишканасы тарабынан көмөк чордондогу жараксыз техникалык жабдыктар алып салынып, 6300 кВА кубаттуулуктагы трансформатор орнотулду.
Буга чейин министр Таалайбек Ибраевдин жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев менен биргеликте аталган көмөк чордондун абалы менен жеринен таанышкан.
“Кең-Сай” көмөк чордону Ош шаардык мэриясы тарабынан бир топ жыл мурун курулуп баштап, белгисиз себептерден улам курулуш иштери толук аяктабай, токтоп калган.
Мындан улам министр чечим кабыл алып, курулушту жандандыруу жана ишке киргизүү боюнча Ош электр тармактары ишканасына тийиштүү тапшырмаларды берген.