Ошто жанаша жайгашкан 5 турак үй күйдү

 Ошто жанаша жайгашкан 5 турак үй күйдү

Ош шаарында 5 күжүрмөн эсеп тартылган өрт 7-июль күнү, саат 15:08де толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.

Өрттүн кесепетинен 5 турак үй күйгөн.

Белгилей кетсек, 7-июль күнү Ош шаарынын Закиров көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Натыйжада 700 ч/м турак үй толугу менен күйүп, жанаша жайгашкан экинчи турак үйдүн 250 ч/м аянты толугу менен, үчүнчү турак үйдүн 98 ч/м толугу менен күйгөн, төртүнчү турак үйдүн 240 ч/м аянты толугу менен, бешинчи турак үйдүн 20 ч/м чатыры күйгөн.

Жалпы 1308 ч/м аянт күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 11:16дан тарта жалпы 5 күжүрмөн эсеп тартылган. Өрт саат 12:17де чектөөгө алынып, 15:08де толук өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Связанный пост