Ошто жаңы жылдык балатынын оту жанды

 Ошто жаңы жылдык балатынын оту жанды

Ош шаарынын борбордук аянтындагы жаңы жылдык башкы балатынын оту салтанаттуу түрдө жандырылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, балатынын бийиктиги 30 метрди түзүп, өзгөчө дизайнда жасалгаланды.

Быйыл Ош шаары жаңы жыл майрамын “Түндүк жарыгы” (Северное сияние) жарманкеси менен тосуп алууда. Борбордук аянт жомоктогудай кооздолуп, шаар тургундары жана коноктору үчүн кооз фотолокациялар, даамдуу тамак-аштар жана эс алуучу жайлар уюштурулду.

Связанный пост