Ошто уюшкан кылмыштуу топтордун 82 мүчөсү ИИМдин каттоосунда турат

 Ошто уюшкан кылмыштуу топтордун 82 мүчөсү ИИМдин каттоосунда турат

15-июлдан 17-июлга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош облусунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте “Бандит” аталыштагы атайын ыкчам-профилактикалык иш-чара өткөрдү.

Атайын кызматтан билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топтун 82 мүчөсү ИИМдин адистештирилген реестринде каттоодо экени аныкталган.

21 адамга карата профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, биометрикалык маалыматтар чогултулган (бармак изи алынып) жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, Кыргызстанда 17 адам жазасын өтөп жатканы, 11 адам коңшу өлкөлөрдө, 3 адам каза болгон жана 1 адам изделип жатканы белгиленди.

Калган 29 жаранга катталган дареги боюнча жашабаган жана мурда белгилүү болгон даректеринде турбагандар боюнча издөө жана алдын алуу иш-чаралары улантылууда.

УКМК кылмыштуу топтордун ар кандай формаларына жана алардын көрүнүштөрүнө мамлекеттик бийлик органдарынын укуругу узун экендигин эскертет.

Связанный пост