Ошто токсикологиялык лаборатория капиталдык оңдоодон өтүүдө
Ошто адистештирилген контролдук токсикологиялык лаборатория капиталдык оңдоодон өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жумушчу сапарынын алкагында президенттин өкүлү Элчибек Жантаев менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Бул иштер Ош облусунун регионалдык жана экономикалык өнүгүү долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.
Лабораториянын имаратын жана ички бөлмөлөрүн капиталдык оңдоого 4 млн 150 миң сом, лабораториялык жабдууларды сатып алууга 2 млн 452 миң сом каралган. Жалпы 6 млн 161 миң сомдук атайын жабдуулар 2025-жылдын октябрь айынын аягына чейин алынып, орнотулары күтүлүүдө.
Жаңыланган лаборатория заманбап жабдуулар менен камсыздалып, өсүмдүктөрдү биологиялык коргоодо колдонулуучу энтомофагдарды — златоглазка жана габробраконду — өстүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бул өз кезегинде аймакта коопсуз жана экологиялык жактан таза продукцияларды өндүрүүнү кеңейтүүгө, ошондой эле айыл чарба продукциясынын сапатын жогорулатууга өбөлгө болот.
Иш сапарынын жыйынтыгында тиешелүү тараптарга лабораторияга керектүү атайын жабдууларды өз убагында орнотууну камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.