Ошто сотмедэксперт 100 миң сом пара менен кармалды

Ош облустук соттук-медициналык экспертиза борборунун кызматкери 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош облустук соттук-медициналык экспертиза борборунун кызматкери Э.Ж.М. тарабынан каза болгон уулунун сөөгүн берүү процессин тездеткендиги үчүн Түркиянын жараны Ч.А.А.дан 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылуу фактысын аныктады.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 19-мартында Өзгөндө 1995-жылы туулган Түркиянын жараны Ч.А.С.нын сөөгү табылган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Өзгөн РИИБи тарабынан кылмышка шектүү катары 1992-жылы Өзбекстанда туулган Д.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми дагы бир шектүү 1980-жылы туулган Д.М. издөөгө алынган.

2025-жылдын 1-апрелинде Ош облустук соттук-медициналык экспертиза борборунун имаратында мурда белгиленген акча каражатын алгандан кийин Э.Ж.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

“Медицина кызматкерлеринин мындай аракеттери мамлекеттер аралык мамилелерге доо кетирип, өлкөнүн аброюна терс таасирин тийгизүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост