Ошто соодагерлерди “Келечек” базарына көчүрүү 1-мартка жылдырылды

Ош шаарындагы “Келечек” базарына соодагерлерди көчүрүү 1-мартка жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн мэр Жеңишбек Токторбаевдин таңкы рейддик кыдыруусу учурунда билдирди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, базарды көчүрүү кыштын ызгаарында соодагерлерди кыйнабоо максатында жылдырылган.

Ошондой эле мэр Ош базары, Жибек-Жолу, Келечек жана таттуулар базарындагы курулуш иштерин жеринен көрүп, кемчиликтерди тез арада чечүү тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, эски аэропорттун ордуна курулган бир канча курулуштарды текшерүү боюнча тапшырма берди. Алардын катарына “Элдорадо Гранд” рестораны, “Мегаполис” соода борбору жана башка соода жайлары бар.

Связанный пост