Ошто муниципалдык жана аймактык башкармалыктарга унаалар берилди

Ош шаарындагы муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктардын башчыларына кызматтык унаалар берилди.

Мэриядан билдиришкендей, ачкычтарды мэр Жеңишбек Токторбаев тапшырып, жетекчилерге мындан ары да жигердүү иштөө зарылдыгын белгиледи.

Бул унаалар мэриянын бюджетинин эсебинен алынды.

Эскерте кетсек, Ош шаарында жалпы 6 муниципалдык аймактык башкармалык, 3 айылдык аймактык башкармалык бар.

Связанный пост