Ошто милициянын инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды

 Ошто милициянын инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды

Ошто милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлү пара алып жаткан жеринен кармалды.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, К.Р. аттуу жаран Ички иликтөө кызматына арыз менен кайрылып, “К” аттуу милиция кызматкерине чара көрүүнү суранган. Анткени, ал мал уурдоо фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуу жолу менен 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.

Аталган факты боюнча “Опузалап пара талап кылуу” беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошентип, 25-июль күнү Ички иликтөө кызматынын ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда иш кабинетинде Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлү 1979-жылы туулган М.А. 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Связанный пост