Ошто милиция кызматкерлери 300 миң сом пара менен кармалды

УКМК опузалап акча талап кылган Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерин кармады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ички иштер башкармалыгынын М.Ж.А. жана С.А.Ш. аттуу кызматкерлери 300 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

Тактап айтканда, Араван РИИБдин кызматкери М.Ж.А. Ноокат РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү С.А.Ш. менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан тергөөгө чейинки текшерүү иштеринде оң чечим чыгарууга жардам берүү үчүн жарандан 300 миң сом талап кылган.

Кармалган учурда шектүүлөрдүн бири каршылык көрсөтүп, акчаны жок кылууга аракет кылып, анын бир бөлүгүн дааратканага ыргытып жиберген.

Учурда тергөө жана ыкчам иш-чаралар улантылып жатат.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Связанный пост