Ошто мамлекеттик кызматкерлер пара алууга шектелип кармалды
Ошто мамлекеттик кызматкерлер пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Ош шаарынын тургуну 1966-жылы туулган И.А. милицияга кайрылып, мамлекеттик кызматкерлер тарабынан пара талап кылынганын билдирген. Анын айтымында, 2024-жылдын ноябрында Ош шаарындагы «Жибек-Жолу» муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы М.М. жана жер адиси З.М. дүкөнүнүн документтери жок экенин билип туруп, аны буздурбоо үчүн 17 миң сом пара алышкан.
Бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (“Пара алуу”) менен иш козголуп, ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде 17 миң сомду кайтарып берип жаткан учурда үч киши — башкармалык башчысы М.М. (1983-ж.т.), кварталдык комитеттин төрөгасы С.Б. (1961-ж.т.) жана жаран З.М. (1995-ж.т.) кармалган.
Ош шаардык тергөө сотунун чечими менен камакка алынып, тергөө иштери уланууда.