Ошто кытайлык дарыгерлер бейтаптардын көзүнө акысыз операция жасоодо
Ошто Кытайдан келген дарыгерлер бейтаптардын көзүнө акысыз операция жасоодо.
Облустук өкүлчүлүктөн билдиришкендей, операциялар Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында “Экспресс ден соолук – жаркын саякат” долбоорунун алкагында катаракта жана глаукома оорулары менен жабыркаган бейтаптарга жасалып жатат.
Долбоорго ылайык, 11-23-октябрь күндөрү 300гө жакын операция жасоо пландалууда. Дагы 50дөй бейтап глаукомасын дарылатат.
Бул кытайлык дарыгерлердин Ош облусуна үчүнчү жолу келиши, буга чейин 2023-жылы – 338, ал эми 2024-жылы 237 бейтаптын көзүнө операция жасашкан.
Акысыз операциялардан тышкары, көз микрохирургия бөлүмү заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалып, кыргызстандык дарыгерлер Кытайда тажрыйбасын арттыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда.
Облус жетекчиси Элчибек Жантаев кытайлык дарыгерлер менен жолугуп, алардын ишине ийгилик каалап, гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.