Ошто иске ууланып, үч бала каза тапты
Ошто иске ууланып, 3 бала каза тапты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ош облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-декабрда Баш-Булак айыл аймагынын 27 жаштагы Т.С. жана 8 жаштагы Б.Н. аттуу тургундары ууланып ооруканага түшкөн.
Ал эми 6, 3 жана 1 жаштагы жаш балдар иске ууланып каза болгон. Алар Ош облустук ооруканага көз жумгандан кийин алып келингендиги тастыкталган.
Бул факты Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Милиция учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланып жатканын айтты.
Булак “Кабар” агенттиги