Ошто ичүүчү таза суунун сарамжалдуу пайдаланышы боюнча рейд жүрдү

Ошто ичүүчү таза суунун сарамжалдуу пайдаланышы боюнча рейд жүрдү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Рейддин жүрүшүндө, “Ош шаар суу канал” ишканасынын өкүлдөрү тарабынан шаар ичиндеги көп кабаттуу жана жеке турак үйлөрдүн жашоочулары ичүүчү таза сууну үй алдындагы бакчаларын суугаруу үчүн өз алдынча орнотуп алышкан 122 суу түтүктөрү кесилип, сарамжалдуу пайдаланбаган тургундарга, мекеме-ишканаларга эскертүүлөр берилип, айрымдарга айып пул салынды.

Текшерүү учурунда, 70 үй ээсине, 13 ишканага акт түзүлдү.

“Ош шаар суу канал” ишканасы шаар тургундарын учурдагы климаттык шартка байланыштуу, ичүүчү таза сууну ысырап кылбоого чакырат. Эгер зарылчылык болсо, түнкү саат 24:00дөн баштап,таңкы 5:00гө чейин колдонууну сунуштайт.

Ичүүчү сууну сарамжалсыз пайдалангандарга рейд сентябрь айына чейин, күн сайын өткөрүлөт.

Эскертүү: ичүүчү таза сууну килемдерди, унааларды жууганга, жерге чачканга жана турак жайлардын алдындагы бакчаларды суугарууга тыюу салынат.

Связанный пост