Ошто борбордук стадионду капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталды

Бүгүн, А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо башталган капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов таанышып чыкты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Стадиондо долбоор боюнча, 12 миң 500 көрүүчүгө ылайыкташкан отургучтардын баары толугу менен алмаштырылып, административдик имаратынын сырты жаңыланат.
Футболчулар үчүн кийим алмаштыруучу жана душ бөлмөлөрү толук оңдолот.
Бүгүнкү күндө жеринде курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат.
Калаа башчысы Бакытбек Жетигенов, стадион оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин, үлгүлүү спорттук жайга айланышы керектигин баса белгилеп, жумуштарды белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүткөрүү боюнча тиешелүү кызматтарга милдеттенмелерди койду.
Белгилей кетсек жумушту толук Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата бүтүрүү болжолдонууда.

Связанный пост