Ошто балдардын жайкы лагерлери ачылат 

 Ошто балдардын жайкы лагерлери ачылат 

Ош шаарында 12-июнь күнү, балдардын эс алуусу үчүн мектептерде жана атайын мекемелерде күндүзгү жайкы лагерлери ишке кирет.

 

Балдар үчүн жайкы лагерлер эс алууга гана эмес, өнүгүүгө да өбөлгө түзүп, алар үчүн ал жактарда ар кандай сынактар, экскурсиялар, сууга түшүү, спорттук оюндар жана маданий иш-чаралар уюштурулат.

 

Ошондой эле, коомдук уюмдардын катышуусу менен шайыр, кызыктуу программалар өткөрүлөт.

 

Белгилей кетсек, шаардагы “Жеткинчек” лагерине балдардын эс алуусуна квота алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

 

Ошондой эле, Ош шаарынын мэриясынын жаштар комитети тарабынан 500 аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына эс алуу лагерлери уюштурулууда.

Связанный пост