Ошто айт намазга жалпысынан 10 миңге жакын адам катышты

Ош шаарынын борбордук аянтында бүгүн, 28-июнь күнү, Курман айт намазы окулуп, ага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Кушбак Шайиев, дин өкүлдөрү, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар жана шаар тургундары катышты.
Калаа башчысы өз сөзүндө жалпы элди ыйык Курман айт майрамы менен куттуктап, Курман айт – биримдик, боорукердик, кайрымдуулук сыяктуу адамзаттын руханий баалуулуктарын даңазалаган мусулман элинин ыйык майрамы экенин белгиледи.
“Илгертеден элибизде Курман айт таза ниет, ак тилектер менен коштолуп келген. Андыктан, баарыңыздарды улуу Курман айт майрамында ынтымакка, сабырдуулукка, биримдүүлүккө жана кайрымдуу болууга чакырам.
Ордолуу Ошубузда ар дайым тынчтык өкүм сүрүп, улуттар аралык достук бекем болсун. Ушул күнү ыйман нуру ар бирибиздин жүрөгүбүздө терең уяласын. Дүйнөлүк аренада мамлекетибиздин абройу көтөрүлүп, мамлекеттер арасында ээлеген орду бакубат болсун. Өлкөбүзгө тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү орносун.
Сиздерге, үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш, бекем ден-соолук каалайм. Ыйык айтта ниет кылган жакшы тилектердин бардыгы кабыл болсун! Мээрим, ырайым, кут-береке жылоологон Курман айт майрамыңыздар маарек болсун!!”, – деди Б. Жетигенов.
Майрамдык айт намазга жалпысынан 10 миңге жакын адам катышты.
Белгилей кетсек, Курман айт Орозо айттан 70 күн өткөн соң белгиленет. Былтыркы жылы Курман айт 9-июлда майрамдалган.

Связанный пост