Ошто 96 батирлүү ипотекалык турак үй пайдаланууга берилди
Ош шаарынын мэриясынын ипотекалык программасынын алкагында курулган 9 кабаттан турган 96 батирлүү көп кабаттуу турак үй пайдаланууга берилди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, турак үй Краснофлот көчөсүнүн №5 дарегинде жайгашкан.
Ага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, мекеме-ишкана жетекчилери жана жаңы конуштан үй алышкан жашоочулар катышты.
Алгач Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайын бүтүргөн жаш актерлордун аткаруусунда “50 жыл мурун болгон окуя” театралдык сахналык көрүнүшү тартууланды. Андан соң Кыргыз Республикасынын эл артисттери Мамбетова Назира Исмаиловна жана Жамила Сыдыкбаева сөз алышып, театралдык окуу жайынын 22 жаш бүтүрүүчүсүнө батир берүү 50 жылдан кийин кайталанып жатканын айтып, мэрге ыраазычылык билдиришти.
Андан соң шаар мэри Жеңишбек Токторбаев турак жайдын ээлерин куттуктап, калаа тургундарын үй менен камсыздоо мэриянын негизги багыттарынын бири экендигин билдирди.
Расмий бөлүктөн соң калаа башчысы жана шаардык кеңеш төрагасы жаңы үйдүн ачкычтарын ээлерине тапшырышты. Мында алгач Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайынын 22 бүтүрүүчүсүнө, үч эм төрөгөн үй бүлөлөргө жана турак жайы шаардагы курулуш иштери үчүн алынган үй ээлерине берилди. Кызыл тасмасы кесилип, жашоого даяр шарттары менен берилген батирлерди көрүп, таанышып чыгышты.