Ошто 45 билим берүү мекемеси өрт коопсуздук эрежелерин сактаган эмес деп аныкталды

ӨКМге караштуу Өрткө каршы көзөмөлдөө кызматы Ош шаарынын билим берүү мекемелерине бир ай көзөмөл жүргүзөт.

Бүгүнкү күнгө карата Ош шаарында жана Ош облусунда 45 билим берүү мекемеси өрт коопсуздук эрежелерин сактаган эмес деп аныкталды.

Мектептерге, бала бакчаларга суу жеңчелерин, түтүктөрүн, өрт өчүрүүчү каражаттарды калыбына келтирүүгө жана башка кемчиликтерди жоюуга убакыт берилди.

Ошондой эле мугалимдер менен бирге тарбиячыларга жана окуучуларга өрт коопсуздугун алдын алуу жана болтурбоо максатында профилактикалык түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Связанный пост