Ошто 2 миң тонна сыйымдуулуктагы соода логистикалык борбор курулууда
Ош шаарындагы Кызыл-Кыштак айыл аймагында 2 миң тонна жашылча жана мөмө-жемиштерди акустикалык тоңдуруу мүмкүнчүлүгүнө ээ соода-логистикалык борбор курулууда.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, борбор “Туран Групп” ЖЧКсы тарабынан курулууда.
Каржылоо булактары:
– “Элдик Банктан” кластердик өнүгүү долбоору (АӨЖК) аркылуу – 20 млн сом;
– Дүйнөлүк банктан – 35 млн сом.
Белгиленгендей, ишкана 0,4 гектар аянтка курулуп жатат. Учурда жабдуулар толугу менен орнотулуп бүттү. 31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылары күтүлүүдө.