Ошто үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом тапшырылды
Бүгүн Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев үч эм төрөгөн энеге акчалай жардам көрсөтүп, 100 миң сом тапшырды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, 20-февралда Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Арык айылынын тургуну Мавлюда Бердигулова үч эмди жарык дүйнөгө алып келген.
Облус башчысы үч эмдин үйүнө барып, эне менен ымыркайлардын ден соолугунан кабар алды.
Дарыгерлер алардын абалы жакшы экенин айтышты.
Ымыркайларга Аиша, Айчырай жана Адинай деген ысымдар берилген.