ОшМУ туруктуу өнүгүү боюнча дүйнөлүк университеттердин рейтингине кирди
2026-жылга карата Туруктуу өнүгүү боюнча Дүйнөлүк университеттердин рейтингинин (QS Sustainability Ranking) жыйынтыгы чыгарылды.
Ош мамлекеттик университетинен билдиришкендей, рейтингге туруктуу өнүгүүгө бекем берилгендиги менен айырмаланган 2000 университет катышкан. Натыйжада ОшМУ курчап турган чөйрөгө жана коомго тийгизген таасири үчүн 1251-орунду, башкаруу багыттары боюнча 1107-орунду алды. Бул көрсөткүчтөр менен жалпы окуу жайлардын арасында 1501-орунду ээледи.
Аталган рейтингге Кыргызстандан үч жогорку окуу жайы кирген. Мында университеттин аткарып жаткан иш-аракеттери атайын бааланган.

QS тарабынан жарыяланган “Туруктуу өнүгүү 2026” рейтинги дүйнөдөгү университеттерди айлана-чөйрөгө жана коомго тийгизген таасири боюнча аныктайт. Институционалдык таасир сегиз категория (же көрсөткүч) боюнча бааланат. Алар окуу жайдын адамдар жана планета үчүн позитивдүү өзгөрүүлөрдү алып келүү жөндөмүн чагылдырат.
Бул рейтингдер ЖОЖдор экология, социалдык жоопкерчилик маселелерине канчалык деңгээлде көңүл буруп, бул багытта жүргүзүп жаткан иш аракеттери натыйжалуу экенин көрсөтөт.
Буга чейин QS рейтингинин 2026-жылга Азия боюнча жыйынтыктары чыгарылып, анда ОшМУ 22-орунду багындырган. Бул жылдагы рейтингге Азия континентинен 1526 университет катышкан.