Ош жана Худжанд шаарларында Башкы консулдуктар ачылат

 Ош жана Худжанд шаарларында Башкы консулдуктар ачылат

Бүгүн Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук чөйрөдөгү кыргыз-тажик кызматташтыгынын кеңири маселелерин, анын ичинде эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын Ош жана Худжанд шаарларында Башкы консулдуктарды түзүү боюнча тапшырмаларын ишке ашырууну талкуулашты.

Ошондой эле эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлө турган иштердин алкагында ыкчам өз ара кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында тараптар активдүү кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, консулдук тармактагы өз ара аракеттешүүнү мындан ары чыңдоого даярдыгын ырасташты.

Связанный пост