Ош шаарынын казынасына бир айда 160 млн сом кошумча киреше түштү
Ош шаарынын бюджетине бир айда салыктан кошумча 160 млн сом киреше түштү. Бул тууралуу шаардын мэри Жанар Акаев билдирди.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, буга чейин президент Садыр Жапаровдун чечими менен бирдиктүү жана сатуудан алынуучу салыктан түшкөн каражаттар Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинде калтырылган.
Мэрдин айтымында, түшкөн каражаттар шаардын жолдорун, инфраструктурасын жана шаардык чөйрөнү жакшыртууга жумшалат.
Жанар Акаев ишкерлерди көмүскө экономиканы азайтууга, ишкердикти мыйзамдуу жүргүзүүгө жана салыктарды өз убагында төлөөгө чакырды.
“Салык – шаардын өнүгүүсүнө түздөн-түз салым. Түшкөн каражаттар жолдорду, инфраструктураны жана шаардык чөйрөнү жакшыртууга жумшалат”, – деди ал.