Ош шаарынын күнү белгиленүүдө

Ош шаарынын түптөлгөн күнүнө карата бүгүн, Т.Сатылганов атындагы сейил багындагы жайкы театрда музыкалык окуу жайлардын студенттери, “Келечек” балдар чыгармачылык борборунун окуучулары тарабынан майрамдык концерттик программа тартууланды.

Шаар күнүнүн урматына тургундар жана коноктор үчүн бий топторунун өнөрлөрү тартууланып, Ошту даңазалган, мекенчилдикке сүрөгөн ырлар жаңырды.

Мындан сырткары, Алымбек датка этно борборунда театр чеберлери тарабынан театралдаштырылган чакан спектаклдер көрсөтүлүп, “Кыргыздын тарыхы жана дүйнө таанымы” аталышында кол өнөрчүлөрдүн жана сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү өттү.

Майрам кечки саат 19:00дө А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунда маданий массалык театралдаштырылган чоң программадагы шоу-концерт менен жыйынтыкталат.

Связанный пост