Ош шаарынын бюджетинен 5,6 млрд сомдон ашуун мыйзам бузуулар аныкталды
Эсептөө палатасы Ош шаарынын 2023-жылдагы жергиликтүү бюджети боюнча шайкештик аудит жүргүзүп, 5 млрд 658,9 млн сомдук мыйзам бузуулар менен финансылык кемчиликтерди тапты.
Ведомстводон билдиришкендей, 2023-жылдагы шаар бюджети 3 млрд 224,2 млн сом деп такталган. Бирок кирешелер планы 92,7% гана аткарылып, 235,6 млн сом кем түшкөн. Айрыкча киреше салыгы жана ижара төлөмдөрү боюнча көрсөткүчтөр төмөн болгон. Чыгаша бөлүгү да толук ишке ашкан эмес, 91,8% гана аткарылган. Билим берүү жана социалдык коргоо тармактарында каражаттар толук колдонулган эмес.
Аныкталган мыйзам бузуулардын ичинен 1 млрд 952,6 млн сом калыбына келтирилиши керек болсо, бүгүнкү күндө болгону 31,2 млн сому гана кайтарылган. Негизги кемчиликтер бухгалтердик эсептин туура жүргүзүлбөшү, сатып алуулардагы мыйзам бузуулар, муниципалдык мүлктү максатсыз пайдалануу жана 2,9 млн сомдук материалдык баалуулуктардын жетишпестиги менен байланыштуу.
“Эсептөө палатасынын Кеңеши Ош мэриясына жана тиешелүү органдарга мыйзам бузууларды жоюу, бюджеттин натыйжалуу жана мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу боюнча сунуш берди. Аудиттин жыйынтыктары Башкы прокуратурага да укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлдү”,-деп айтылат маалыматта.
Маалымат үчүн: Шайкештик аудит мамлекеттик жана муниципалдык ресурстардын мыйзамдуулугу менен бирге алардын натыйжалуулугун да баалоого багытталган.