Ош шаарынын өнөр жай ишканалары январь-июнь айларында 4 млрд 85,5 млн сомдук продукция өндүрдү

Бүгүн, 13-сентябрда Ош шаардык кеңешинин кезектеги ХХ сессиясы өтүүдө. Ага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, депутаттар, мекеме ишканалардын, уюмдардын жетекчилери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.
Сессиянын күн тартибинде 15 маселе, анын ичинде 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы каралууда.
Маселе боюнча Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов маалымат берип, 2023-2026-жылдарга карата Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана социалдык жактан коргоо программасын аткаруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, 2023-жылдын 6 айына пландаштырылган социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр өсүү темпи менен жыйынтыкталганын билдирди.
“Ош шаарынын мэриясы бюджетти көбөйтүү, жашырылган салыктарды алып чыгуу, контролдук-кассалык аппараттарды орнотуу боюнча салык кызматы, ички иштер органдары жана муниципалдык аймактык башкармалыктар менен биргеликте иш алып барууда. Быйылкы жылдын 6 айында Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө трансферттерди, атайын каражаттарды кошкондо 1 миллиард 104 миллион 96 миң сом жыйналып, 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 74 млн. 599 миң сомго, же 7,3 пайызга көбөйгөн.
Ош шаарынын өнөр жай ишканалары тарабынан 2023-жылдын январь-июнунда 4 миллиард 85,5 миллион сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылга карата физикалык көлөмдүн индекси 89,8 пайызды, ал эми өсүү темпи 112,8 пайызды түзүп, 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 463 млн. сомго көбөйдү. Өнөр жай багытында 71 ишкана ачылып, 450 жаңы жумуш оруну түзүлүп, 213 миллион сом инвестиция тартылды. Рыноктук тейлөөлөрдүн көлөмү 47 миллиард 597 миллион сомду түзүп, 2022-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 8 пайызга, же 10 миллиард 471 миллион сомго жогорулады. Бул багытта 492 чарба жүргүзүүчү ишканалар жаңыдан ачылып, 984 жаңы жумуш орундары түзүлдү.
Курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 2023-жылдын январь-июнуна карата 2 миллиард 157 миллион сомду түзүп, өткөн жылга салыштырганда 5,2 пайызга, же 205 миллион сомго көбөйгөн. Негизги капиталга тартылган инвестициянын көлөмү 1 миллиард 396 миллион сомду түзүп, өткөн жылга салыштырганда 5,7 пайызга, же 137 миллион сомго көбөйгөн. Быйылкы жылы курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен 900 миллион сом бөлүнүп, өткөн жылга салыштырганда 360,5 миллион сомго, ал эми республикалык бюджеттен 300,0 миллион сом бөлүнүп, өткөн жылга салыштырганда 71 миллион сомго көбөйдү.
Ош шаарынын тургундарын таза суу менен камсыздоо көп жылдан бери негизги көйгөй болуп келген жана бул маселе этап-этабы менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен чечилип жатат. 1-этапта эски иштебей турган 6 скважина калыбына келтирилип, жаңы 6 скважина бургуланып, суу чыгарылып, негизги суу түтүктөрүнө уланды. 2-этапта сыйымдуулугу жалпы 24000 куб метрди түзгөн 4 суу кампасынын курулушу бүткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнүн белгилөөнүн алкагында 31- август күнү пайдаланууга берилди. Кызыл-Кыштак жылгасындагы сел агып түшкөн жердин үстүнөн ашар жолу менен 8,0 миллион сом акча каражатына диаметри 1000 мм болгон 750 метр суу түтүкчөсү Озгур суу тазалоочу станциясына тартылды. Ал суу түтүгү аркылуу суткасына 45-50 миң куб суу станцияга толтурулат. Бул 6 миң кубдук 8 суу кампаны алмаштырат. Ал эми 3-этапта Азия өнүктүрүү банкынын Кызыл-Кыштак жылгасындагы сел агып түшкөн жердин үстүнөн 2,4 километр болгон аралыкка диаметри 1000 мм болгон суу түтүгүн орнотуу жана жаңы суу коргонун куруу менен “Ош шаар суу канал” муниципалдык ишканасынын плотинасына кошуу долбоору боюнча иштер быйылкы жылдын 3 кварталында башталат.
Жол инфраструктурасын жакшыртуу, унаа тыгындарын жоюу максатында төмөнкү иштер аткарылды:
-Увам көчөсүнө асфальт төшөө, Р.Абдыкадыров көпүрөсүн оңдоп-түзөө, ирригациялык түйүндөрдү оңдоо, тротуар куруу иштери бүткөрүлүп, жол пайдаланууга берилди;
-А. Масалиев кең көчөсүнүн И. Раззаков көчөсүнөн Ж. Шамшиев көчөсүнө чейинки аралыгын реконструкциялоо иштери бүткөрүлдү. Жолдун узундугу 3 чакырым, туурасы 28 метрди түздү;
-А. Масалиев жана А. Навои көчөлөрүндөгү жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү өтмөктүн курулуш иштери бүткөрүлдү;
-Алай көчөсүндө ушул тапта асфальт төшөлүп жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жол курулуп жатат;
-Ленин көчөсүндөгү жолго тирөөч дубал куруу иштери жүргүзүлүп, тирөөч дубалдын узундугу 90 метрди, бийиктиги 6 метрди түздү;
-Ленин көчөсүн Мамажан көчөсүнөн Загородный көчөсүнө чейин асфальт төшөө, тротуар куруу, жашылдандыруу, жарыктандыруу иштери жүргүзүлдү. Жолдун узундугу 1 чакырым;
-Ош-Бишкек жолунун “Т” кесилишинен шаарга кирген жолдогу темир жолго өтмөк куруу иштери бүткөрүлүп жатат.
Аталган жолдорду кеңейтүү жана куруу иштеринин жыйынтыгында шаар аймагындагы жол тыгындары маселеси болжол менен 30 пайызга чечилет. Жыл аягына чейин жалпы узундугу 8 чакырымды түзгөн жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдорду куруу пландалган”.

Связанный пост