Ош шаарындагы И. Раззаков атындагы мектептин курулушун быйыл бүтүрүү каралууда 

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов И. Раззаков атындагы мектептин жаңыдан курулушу башталып токтоп турган имаратын жана эски авариялык мектептин абалын көрүп чыкты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Курулуш иштери башталып, каржы маселесинен улам бүтпөй токтоп калган мектеп имараты быйылкы жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан каржылануучу, бүтпөй токтоп турган имараттардын тизмесине киргендигин Ош облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы билдирди.

Калаа башчысы шаардык билим берүү башкармалыгы менен макулдашып, эски авариялык абалдагы мектептин имаратын мыйзам чегинде бузууну тиешелүү кызматтарга тапшырды. Бакытбек Жетигенов курулуш иштеринин сапатына жана аларды аткаруу мөөнөтүнө өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Ошондой эле, тиешелүү шаардык кызматтарга курулуш иштерин жүргүзүүдө ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүүнү милдеттендирди.

Эске салсак, И. Раззаков атындагы мектеп 720 окуучуга ылайыкташкан. Волейбол, баскетбол жана футбол аянтчалары, гимнастикалык тренажердук, метеорологиялык жана географиялык аянттар карлаган. Мектептин жаңыдан курулуп жаткан имараты республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Имараттын негизги аянты 7090,0 м2.

Связанный пост