Ош шаарындагы билим берүү уюмдарынын окуу жылына даярдыгы текшерилди
Агартуу министрлигинин комиссиясы 28-июлдан 30-июлга чейин Ош шаарында билим берүү уюмдарынын жаңы 2025-2026-окуу жылына даярдыгын баалоо боюнча иш жүргүздү.
Ведомстводон билдиришкендей, бүгүн, иштин үчүнчү күнүндө, министрдин орун басары Альберт Махметкулов баштаган комиссия У. Салиева атындагы Зээндүү балдар үчүн жатак лицейге, В.В. Терешкова атындагы №11 жатак мектепке, №42 Керме-Тоо орто билим берүүчү мектепке, №87 “Акылман” мектепке чейинки билим берүү уюмуна барды.
Иш сапардын жүрүшүндө окуу кабинеттеринин абалына, санитардык шарттарга, эмерек, жабдуулар жана окуу китептери менен камсыз болушуна, ошондой эле оңдоп-түзөөгө болгон муктаждыктарга өзгөчө көңүл бурулду.