Ош шаарында жарандык комиссия жер титирөө боюнча тактоо иштерин жүргүзүүдө

Ош шаарында жарандык комиссия жер титирөө боюнча тактоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Эске салсак, бүгүн саат 09:11де Ош облусунун аймагында күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөөдөн Кара-Суу районунун Мады айылынындагы турак үйдө эки бөлмөнүн ортосунда чийки кыш менен тосулган тосмо кулап түшкөнү кабарланып, жерине жарандык коргонуу комиссиясы барган учурда үй жабыркабаганы аныкталган.
Тактоо иштери Жоош, Датка, Баш-Булак айыл аймактарындагы турак-үйлөрдө, социалдык объектерде да жүргүзүлөт.
“Оштогу жер титирөө боюнча кооптонууга негиз жок”,-деп айтылат министрликтин маалыматында.