Ош шаарында уулуу зат сатууга аракет кылган топ кармалды

 Ош шаарында уулуу зат сатууга аракет кылган топ кармалды

Ош шаарында уулуу зат сатууга аракет кылган топ кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан 18-январда Кыргызстан жана Өзбекстандын жарандарынан (ӨР жараны Б.Б.А. жана КР жарандары: М.С.Х., М.С.Х., С.У.К.) түзүлгөн трансулуттук кылмыштуу топ Ош шаарындагы кафелердин биринде Кыргызстанга аткезчилик жол менен алынып келинген 0,5 кг күчтүү жана уулуу сымапты 1 граммын 4000 АКШ долларына сатуу аракетинде кармалган. Кармалган жарандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренесинин 2-пунктунун 2-бөлүгүнүн (“Сатуу максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү”) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост