Ош шаарында Нооруз майрамы өзгөчө шаң менен белгиленүүдө

 Ош шаарында Нооруз майрамы өзгөчө шаң менен белгиленүүдө
Ош шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленип жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады. Иш-чаралар эртең менен сүмөлөк жасоо фестивалы менен башталып, андан соң борбордук аянтта “Нооруз – 2023” деп аталган салтанат тартууланды.
Иш-чарага КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаардык кеңештин депутаттары, жашоочулар жана коноктор катышты.
Бакыт Төрөбаев майрамга келгендерди Нооруз менен куттуктап, жалпы журтка токчулук, тынчтык каалады.
Иш-чара чоң концерттик программа менен коштолуп, театралдаштырылган оюн-зоок тартууланды.
Ошондой эле аянтта кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү болуп, спорттук мелдештер уюштурулду.
Белгилей кетсек, маданий иш-чара кечки саат 19:00дө Алымбек Датка эс алуу багында улантылат.

Связанный пост