Ош шаарында нан бааларына мониторинг жүргүзүлдү
Ош шаарынын мэриясы тарабынан түзүлгөн жумушчу топ өз ишин баштады. Тагыраагы, 2023-жылдын 12-октябрь күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Ош шаары боюнча бөлүмүнүн адистери, Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Ош шаарынын Амир-Темур муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан нан бышыруучу жайларда (наабайкана) жана нан сатылуучу жайларда 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан азыктарына, тандыр нан, бөлкө нандын бааларына мониторинг жүргүздү.
Иш-чаранын жүрүшүндө сатуучуларга бөлкө нандын максималдуу деңгээли 1 кг. дүң баасы 56,5 сомдон, чекене баасын 65,0 сом, нан азыктарына (тандыр нан) дүң баасы 89,0 сом жана чекене баалары 100,0 сомдон белгиленгени жөнүндө маалыматтар айтылып, бааны көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жогорудагыдай иш-чаралар шаардын калган 6 муниципалдык аймактык башкармалыктарында да белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүп турмакчы.