Ош шаарында мыйзамсыз дары-дармектердин партиясы аныкталды

Ош шаарында Кыргызстандын дары-дармек каражаттарынын реестринде мамлекеттик каттоодон өтпөгөн, келип чыгышын жана сапатын тастыктаган документтери жок дары-дармектердин партиясы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Мыйзамсыз дары-дармектер Салык кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө аныкталган.

Дары-дармек каражаттары С.М.М. аттуу жаран тарабынан дарыкана пункттарынын бирине жеткирилген учурда, Opel үлгүсүндөгү унаадан өлкөнүн дары каражаттарынын мамлекеттик реестринде катталбаган дары-дармек препараттарынын партиясы  табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, аталган дары-дармектер кийин мыйзамсыз киреше алуу максатында дарыкана пункттары аркылуу сатууга багытталган.

Мындан тышкары, аталган мыйзамсыз дарылардын партиясын алган бир дарыкана пункту да текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө келип чыгышы жана сапаты тууралуу документтери жок дары-дармектер табылган. Ошондой эле бул дарыкана пункту Саламаттык сактоо министрлигинин лицензиясы жана уруксат документтери жок ишмердүүлүк жүргүзүп келгени аныкталды.

Аныкталган фактылар боюнча материалдар даярдалып, юридикалык баа берүү жана процессуалдык чечимдерди кабыл алуу үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, тиешелүү документтери жана уруксаты жок дары-дармектерди жүгүртүү — жарандардын ден соолугуна жана өмүрүнө олуттуу коркунуч жаратат, анткени мындай препараттардын келип чыгышы, курамы жана коопсуздугу мамлекеттик көзөмөлдөн өтпөйт.

Салык кызматы өлкө аймагында эсепке алынбаган жана контрабандалык товарлардын жүгүртүлүшүн аныктоо жана алдын алуу боюнча ишин жигердүү улантууда.

Связанный пост