Ош шаарында керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мониторинг жүргүзүлдү
“15-март бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” күнүнө карата иштелип чыккан 1 айлык иш-чаранын алкагында, Ош шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан, шаардагы Калкты тейлөө борборунда Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү” Мыйзамынын талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг төмөндөгү багыттарды камтыды:
1. Иштөө режиминин, прейскуранттардын (баасы) илиниши;
2. Накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдуулар (программалык-техникалык түзүлүштүн) менен камсыз болушу;;
3. Калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты;
4. Керектөөчүлөрдүн кайрылуулары боюнча жүрүгүзүлгөн иш-чаралар ж.б.
Жогорудагы төрт багыт боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы менен керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароодо тийиштүү денгээлде иш жүргүзүлбөгөндүгү аныкталды.
Жыйынтыгында аталган борбордун жетекчилигине эскертме кагазы берилди.