Ош шаарында электр энергиясын үнөмдөө боюнча чаралар көрүлөт
Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин жетекчилиги астында тиешелүү шаардык кызматтардын жана мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрүлдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында кышкы мезгилге карата электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу маселеси талкууланды.
Белгилүү болгондой, 10 айда Ош шаары белгиленген лимиттен 112 млн киловатт-саат көп электр энергиясын колдонгон.
Буга байланыштуу кышкы мезгилде электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү жана ашыкча жүктөмдүн алдын алуу максатында бир катар чечимдер кабыл алынды:
- мектептерде электр энергиясы кечки саат 19:00гө чейин өчүрүлбөсүн, өзгөчө эки нөөмөт менен иштеген билим берүү мекемелеринде;
- бардык мекеме жана ишканаларда электр энергиясы кечки саат 18:00дөн кийин толугу менен өчүрүлсүн – лампочкадан тартып кондиционерге чейин;
- укук коргоо органдары менен саламаттыкты сактоо мекемелеринде электр энергиясы өчүрүлбөйт, бирок үнөмдөө режими сакталсын, ашыкча керектөөлөрдү текшерүү жана көзөмөлдөө камсыздалсын;
- аймагы чоң мекеме жана ишканаларда коопсуздукту камсыздоо максатында бир кароолдун ордуна эки кароол коюу, ошондой эле альтернативдүү кайтаруу ыкмаларын караштыруу сунушталды.
Бүгүнтөн тарта Ош шаарынын аймагындагы кафе-ресторан, тойкана, түнкү клубдарга рейд жүргүзүлөт. Андыктан ишкерлер “Тынчтык жөнүндө” мыйзамын сактоого жана электр жарыгын үнөмдөөгө чакырылды.
Ошондой эле жыйында эттин жана көмүрдүн баасын көзөмөлдөө боюнча зарыл чараларды күчөтүү тапшырмасы да коюлду.