Ош шаарында 96 батирдин ачкычы тапшырылды

Бүгүн Ош шаарында “Үлүштүк курулуш” долбоорунун алкагында курулган көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев жана шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов катышып, батир ээлерине ачкычтарды тапшырды.

Жеңишбек Токторбаев батир ээлерин куттуктап, мэриянын шаар тургундарын турак жай менен камсыздоо багытындагы иш-аракеттери мындан ары да күчөтүлөрүн белгиледи.

Тогуз кабаттуу, 96 батирлүү турак үй ички жасалгасы жана бардык коммуникациялары менен толук курулуп бүткөн. Үй ээлери дароо кирип жашоого шарттар түзүлгөн. Ашимахунов көчөсү, 48А дарегиндеги бул үйдүн 1-кабатында соода түйүндөрү, ал эми жер төлөсүндө унаа токтотуучу жай жайгашкан. Короосуна балдар ойноочу аянтча курулуп, айланасы көрктөндүрүлгөн.

Бул долбоор Ош шаарынын мэриясына караштуу Муниципалдык ипотекалык ишкана тарабынан ишке ашырылды.

Связанный пост