Ош шаарында 32 обьектинин курулушу жүрүп, анын ичинен 28и пайдаланууга берилди

 Ош шаарында 32 обьектинин курулушу жүрүп, анын ичинен 28и пайдаланууга берилди

11 ай ичиндеги Ош шаарынын көрсөткүчтөрү

 

Ош шаарындагы өнөр жайлар 6 млрд. 951,7 млн. сомдук продукция өндүрүп, былтыркы жылга салыштырсак 757,2 млн. сомго көбөйгөн. 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү 2 млрд. 509,3 млн. сомго бекитилип, бул өткөн жылга караганда 908 млн. сомго көп.

 

2023-жылы 6000 куб болгон 4 даана суу кампа, 15 даана скважина, жер үстүнөн өтүүчү өтмөк, 4 бала бакча, 2 мектептин кошумча окуу корпусу, 6 балдар ойноочу аянтчасы, С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын айланасы толугу менен оңдоодон өттү. Жалпы шаарда 32 обьектинин курулушу жүрүп, анын ичинен 28и пайдаланууга берилди. Мындан тышкары Ош шаарынын борбордук стадиону толук оңдолсо, В.Терешкова атындагы мектеп-интернатынын аймагына 700 орундуу мектептин жана 500 орундуу жатакананын, Алмалык айылындагы 150 орундуу мектептин курулуш иштери жүрүп жатат.

 

Шаар боюнча жыл ичинде жалпы 15 км жол асфальтталган.

 

Бүгүнкү күндө ипотекалык шартта 9 кабаттуу 3 турак үйдүн (237 батир) 5 көп кабаттуу турак үйдүн (1000 батир) курулушу жүргүзүлүүдө. Бул үйлөр бүтсө 1200 дөн ашуун үй-бүлө батир менен жеңилдетилген шартта камсыз болушат.

 

“Ак-Буура” дарыясынын эки жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, жайкы театрды оңдоо, эс алуучу жай жана борбордук аянтта фонтан куруу иштери жүрүп жатат. Ош мамлекеттик университети Ош шаардык клиникалык ооруканасынын эски имараттарынын ордуна 7 кабаттуу медициналык клиниканын курулушун баштады.

Связанный пост