Ош шаарынан Красноярскка туруктуу авиакаттамдардын көбөйүшү күтүлүүдө

 Ош шаарынан Красноярскка туруктуу авиакаттамдардын көбөйүшү күтүлүүдө

Ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 2023-жылдын 22-майынан тартып Ош-Красноярск-Ош багыты боюнча авиакаттамдарды кайрадан жандантууна көздөөдө. Бул тууралуу “Манас эл аралык аэропорту” ААКнун басма сөз кызматы билдирди.

Оштон Красноярскка авиакаттамдардын саны көбөймөкчү.  Каттамдар Airbus A320 учагы менен жумасына 1 жолу аткарылмакчы.

Буга чейин аталган багыт боюнча үзгүлтүксүз каттамдар жумасына 5 жолу каттап турган.

«МЭА» ААК аталган каттамдар боюнча суроолор болсо, авиакомпания менен түз байланышууну сунуштайт.

Связанный пост