Ош шаарынан Красноярскга үзгүлтүксүз авиакаттамдардын саны көбөйдү

 Ош шаарынан Красноярскга үзгүлтүксүз авиакаттамдардын саны көбөйдү

2023-жылдын 22-майынан тарта ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Ош-Красноярск-Ош багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдарды аткара баштады. Натыйжада, Кыргызстандан Орусияга үзгүлтүксүз авиакаттамдардын саны көбөйдү.  Бул тууралуу “Манас эл аралык аэропорту” ААКнун басма сөз кызматы билдирди.

Каттамдар Airbus A320 учагы менен жумасына 1 жолу – дүйшөмбү күндөрү аткарылат.

Биринчи авиакаттам менен Красноярскга 177 жүргүнчү учуп кетсе, 168 жүргүнчү Ошко учуп келди.

Аталган багыт боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды жумасына 4 жолу башка авиакомпаниялар да аткарып келишет.

Ошондой эле, аталган авиакомпания Бишкек жана Ош шаарларынан төмөнкү багыттар боюнча үзгүлтүксүз жана чартердик каттамдарды аткарат: Москва, Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Сургут, Дели, Лахор, Исламабад, Анталия.

Связанный пост