Ош шаары кар тазалоочу жаңы техникаларды сатып алды

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кыш мезгилине карата унаа жолдорун жана тротуарларды тазалоочу техникалардын даярдыгын текшерди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, быйыл биринчи жолу мэрдин демилгеси менен шаар тротуарларын тазалоочу атайын техникалар сатып алынган. Мэр Токторбаев жаңы техникаларды өзү айдап, иштөөсүн сынап көрдү.

Кышында Ош шаарындагы көчөлөрдү, тротуарларды жана коомдук жайларды “Тазалык” ишканасы, “Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” жана шаардык жолдор башкармалыгы тейлейт.

Мурунку жылдары 5-6 гана техника иштеп, жумушчулар кум-туз аралашмаларын кол менен чачууга мажбур болушчу. Ал эми быйыл жаңы техникаларды кошкондо 26 техникага жетип, шаар жылдагыдан беш эсе көп техника менен камсыздалууда.

Мэр Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтарга 1-ноябрга чейин бардык даярдык иштерин аяктоону тапшырды.

Связанный пост